# 15-берене. Көз каранды эмес эксперттер

- Документ: [Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111253)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 209 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111253/edition/1075117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111253/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 15-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-15

---

1. Турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүнө жүргүзүлгөн баалоо боюнча карама-каршылыктар болгондо камсыздандырылуучу, жабырлануучу, пайда табуучу же камсыздандыруучу көз каранды эмес эксперттерди ишке тартат.

2. Көз каранды эмес эксперттер камсыздандырылуучуга, жабырлануучуга, пайда табуучуга же камсыздандыруучуга карата теңдик, бейтараптык жана калыстык принциптерине негизденүү менен, он календардык күндүн ичинде милдеттүү камсыздандырууга байланышкан, турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүн баалоону жүргүзүүгө милдеттүү.

3. Көз каранды эмес эксперттер - өрттөн жана табигый кырсыктардан турак жайларды милдеттүү камсыздандырууга байланышкан, турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүн баалоону жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактар, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен, камсыздандырып ордун толтурууну эсептеп чыгуунун методикасын жетекчиликке алууга, өз ишин жүзөгө ашырууга укугун бышыктаган документтерге ээ болууга милдеттүү жана маалыматтардын аныктыгы жана баалоо актысын түзүүнүн тууралыгы үчүн кылмыш-жазалык жана жарандык чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-16)
