# 10-берене. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111253)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 209 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111253/edition/1075117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111253/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 10-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-10

---

1. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) камсыздандыруу окуясы келип чыккан фактыны жана турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүн ырастоочу документтерди мамлекеттик органдардын жана уюмдардын компетенцияларына жараша алардан сурап алууга;

2) турак жайдын зыянга учуроосунун же жок кылынышынын себептерин аныктоочу компетенттүү органдардын комиссиясынын ишине катышууга;

3) камсыздандыруу окуясы болгондо келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо жана камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо үчүн көз каранды эмес эксперттин кызматын пайдаланууга.

2. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисин берүүгө;

2) камсыздандыруу окуясы жөнүндө актыны түзүүгө жана аны камсыздандырылуучуга таанышуу үчүн берүүгө;

3) камсыздандыруу окуясы таанылганда бардык зарыл документтер алынган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде камсыздандырып ордун толтуруу төлөмүн жүзөгө ашырууга;

4) камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн баш тартууга негиздер болгондо баш тартуунун себептерин негиздөө менен, бардык зарыл документтер алынган учурдан тартып отуз календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө бул тууралуу камсыздандырылуучуга билдирүүгө;

5) камсыздандыруунун жашыруун сырын сактоого;

3. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруучунун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктары жана милдеттери каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-11)
