10-берене. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруу окуясы келип чыккан фактыны жана турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүн ырастоочу документтерди мамлекеттик органдардын жана уюмдардын компетенцияларына жараша алардан сурап алууга;
2) турак жайдын зыянга учуроосунун же жок кылынышынын себептерин аныктоочу компетенттүү органдардын комиссиясынын ишине катышууга;
3) камсыздандыруу окуясы болгондо келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо жана камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо үчүн көз каранды эмес эксперттин кызматын пайдаланууга.
2. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисин берүүгө;
2) камсыздандыруу окуясы жөнүндө актыны түзүүгө жана аны камсыздандырылуучуга таанышуу үчүн берүүгө;
3) камсыздандыруу окуясы таанылганда бардык зарыл документтер алынган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде камсыздандырып ордун толтуруу төлөмүн жүзөгө ашырууга;
4) камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн баш тартууга негиздер болгондо баш тартуунун себептерин негиздөө менен, бардык зарыл документтер алынган учурдан тартып отуз календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө бул тууралуу камсыздандырылуучуга билдирүүгө;
5) камсыздандыруунун жашыруун сырын сактоого;
3. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруучунун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктары жана милдеттери каралышы мүмкүн.
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111253/st-10" title="10-берене - Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>