# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111251)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 30-июлундагы № 207 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111251/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2072/edition/1120032/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111251/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111251/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 52-1-беренеде: 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда төмөнкүлөргө укуктуу:

1) салыктык контролдоону жүзөгө ашырууда салык төлөөчүдөн ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, ошондой эле ушул Кодекстин 53 жана 54-главаларында каралган салыктарды төлөө боюнча документтерди берүүнү талап кылууга;

2) банк мекемелери жок болгон Кыргыз Республикасынын алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу конуштарында салык төлөөчүлөрдөн ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды төлөө эсебине накталай акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте кабыл алууга.";

берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын: "5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары ушул берененин 4-бөлүгү менен белгиленген берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111251/st-2)
