# КР 2015-жылдын 30-июлундагы № 207 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 30-июлундагы № 207 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111251>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2072/edition/1120032/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111251.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 30-июлундагы № 207 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111251

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 30-июлу № 207 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111251/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 52-1-беренеде: 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда төмөнкүлөргө укуктуу:

1) салыктык контролдоону жүзөгө ашырууда салык төлөөчүдөн ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, ошондой эле ушул Кодекстин 53 жана 54-главаларында каралган салыктарды төлөө боюнча документтерди берүүнү талап кылууга;

2) банк мекемелери жок болгон Кыргыз Республикасынын алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу конуштарында салык төлөөчүлөрдөн ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды төлөө эсебине накталай акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте кабыл алууга.";

берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын: "5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары ушул берененин 4-бөлүгү менен белгиленген берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111251/st-2)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 348-статьянын аталышы жана биринчи абзацы "кызматынын" деген сөздөн кийин "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 534-1-статьяда "350" деген цифралар "348, 350, 353" деген цифралар менен алмаштырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111251/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
