# КР 2015-жылдын 30-июлундагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 30-июлундагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111250>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2071/edition/669592/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111250.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 30-июлундагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (30.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111250

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 30-июлу № 206 Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111250/st-1)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 221-статьяда: 6-пункттун экинчи абзацы 7-пункт деп эсептелсин; статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын: "8) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган имараттарды, курулмаларды, жер участокторун жана социалдык багыттагы башка объекттерди (билим берүү мекемелери, ооруканалар, балдардын мектепке чейинки билим берүү мекемелери) мыйзамсыз менчиктештирүү жөнүндө, ошондой эле аларды кайтарып алуу же мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланыштуу чыгымдардын ордун республикалык же жергиликтүү бюджеттин пайдасына толтуруу жөнүндө талаптарга.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111250/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 11-августунда № 74 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
