# КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 204 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 204 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 204
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111248>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2069/edition/669111/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111248.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 204 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (28.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111248

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 28-июлу № 204 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111248/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 9-беренеде:

1-бөлүгүндө: 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) Жогорку Кеңештин Регламентинде аныкталган тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын жана башка органдардын курамына кирүүгө;"; 6-пунктунда "депутаттык" деген сөз "парламенттик" деген сөзгө алмаштырылсын; 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8) фракцияга биригүүгө."; 2-бөлүгүндө: 2-пунктунда "депутаттык топтордо," деген сөздөр алып салынсын; 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5) ички фракциялык тартипти сактоого;".

2. 10-берененин 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7) парламенттик фракциянын тапшырмасы боюнча күн тартибиндеги маселелер боюнча өзгөчө ой-пикиринин текстин төрагалык кылуучуга берүүгө;".

3. 14-беренеде:

берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "14-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын парламенттик фракцияларга мүчөлүгү"; 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Жогорку Кеңештин депутаты саясий партиянын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешке шайланган депутаттардан түзүлгөн парламенттик фракциянын курамына кирет.

2. Жогорку Кеңештин депутаты бир гана парламенттик фракциянын мүчөсү болуп саналат.";

3-бөлүгүндө: бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы ", депутаттык топтун" деген сөздөр алып салынсын; 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4) фракциянын жыйналышынын күн тартиби боюнча сунуштарды киргизүүгө;"; 4-бөлүгүндө: ", депутаттык топтогу" деген сөздөр алып салынсын; "жоболордо" деген сөз "Жободо" деген сөзгө алмаштырылсын.

4. 16-берененин 3-бөлүгүндө ", парламенттик фракциянын же депутаттык топтун" деген сөздөр "же парламенттик фракциянын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 20-берененин 1-бөлүгүндө ", депутаттык топтордун" деген сөздөр алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111248/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
