# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111246)
- Толук аталышы: 2015-жылдын 28-июлу № 202 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июля 2022 года № 57 "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111246/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2067/edition/1176562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111246/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө, 1-берене (05.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111246/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 23-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Улуттук коопсуздук органдарынын социалдык маселелерин чечүү, материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү, кызматкерлерге материалдык колдоо көрсөтүү (анын ичинде улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашырган адамдарга), алардын тиричилик шарттарын жакшыртуу максатында мамлекетке келтирилген зыянды соттордун чечимдеринин же тергөөчүлөрдүн токтомдорунун негизинде залалдын ордун толтуруудан түшкөн, анын ичинде кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча мамлекеттин менчигине айландырылган контрабандалык буюмдарды (укук бузууларды/кылмыштарды жасоонун куралдарын жана объекттерин) сатуудан түшкөн суммалардан 25 пайызы өлчөмүндө республикалык бюджеттен улуттук коопсуздук органдарынын бюджеттик эсебине милдеттүү түрдө түшүүчү каражаттар дагы пайдаланылат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111246/st-2)
