# 8-берене. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын укуктук абалы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111237)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 193 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2058/edition/665642/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111237/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө, 8-берене (25.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-8

---

1. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдары жана музей коллекциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипке ылайык эсепке алууга жана сакталууга жатат.

2. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына кирген музей буюмдарын жана музей коллекцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте көргөзмөлөргө коюу, реставрациялоо же илимий экспертиза жүргүзүү үчүн алып чыгуудан башка учурларда Кыргыз Республикасынын чегинен алып чыгууга тыюу салынат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралган тартипте жүргүзүлүүчү башка музей буюмдарына жана музей коллекцияларына алмаштыруу учурларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдары жана музей коллекциялары менчик ээлигинен ажыратылууга, анын ичинде белекке берилүүгө, карызга (ижарага) берилүүгө, акысыз пайдаланылууга же күрөөгө берилүүгө жатпайт.

4. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдары жана музей коллекциялары менен жасалган бүтүмдөр, ошондой эле мураска калтыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

5. Музей буюмдарына жана музей коллекцияларына менчик укугу өткөн адам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген сактоо жана эсепке алуу тартибин сактоо боюнча милдеттерди өзүнө алууга тийиш.

6. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдары же музей коллекциялары менчик ээси тарабынан сатылган, ошондой эле менчик ээси музей буюмдарын же музей коллекцияларын сактоо жана эсебин алуу тартибин сактабаган учурда, мамлекет аларды сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар.

7. Музей буюмдары жана музей коллекциялары уурдалган, ошондой эле иш жүзүндө жарым-жартылай же толугу менен сынган жоголгон деп эсептелет. Музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын жоголгондугун таануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-9)
