# 7-берене. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүн түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111237)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 193 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2058/edition/665642/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111237/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө, 7-берене (25.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-7

---

1. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүн түзүү төмөнкүдөй жол менен жүзөгө ашырылат:

1) музейлик маанидеги буюмдардын музей буюмун жана музей коллекцияларын сатып алуу;

2) музейлик маанидеги буюмдарды юридикалык жана жеке жактар тарабынан мамлекеттин менчигине акысыз өткөрүп берүү;

3) археологиялык, этнографиялык, илимий-табигый жана башка экспедициялардын, курулуш, оңдоо же реставрациялоо жумуштарын жүргүзүү учурунда табылган, музейлик маанидеги буюмдардын музей буюмун жана музей коллекцияларын, анын ичинде баалуу металлдарды, асыл таштарды жана кенчтерди өткөрүп берүү;

4) музейлик маанидеги буюмдардын музей буюмун жана музей коллекцияларын бажы иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык өткөрүп берүү.

2. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүн түзүү менчик ээсинин арызы боюнча музей буюмун жана музей коллекцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнө киргизүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-8)
