# 5-берене. Музей буюмдарын жана музей коллекцияларын Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизүү жана андан чыгаруу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111237)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 193 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2058/edition/665642/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111237/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө, 5-берене (25.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-5

---

1. Музей буюмдары жана музей коллекциялары Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогуна тийиштүү жазуулар киргизилген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилди деп эсептелет.

2. Музей буюмдары жана музей коллекциялары Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогуна тийиштүү жазуулар киргизилген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамынан чыгарылды деп эсептелет.

3. Музей буюмдарын жана музей коллекцияларын Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизүү жана анын курамынан чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдарын жана музей коллекцияларынын менчик ээсине менчик укугун ырастоочу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте юридикалык коргоону камсыз кылуучу күбөлүк берилет.

5. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдарына жана музей коллекцияларына карата жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган жеке жана юридикалык жактардын менчик укуктарын өткөрүп берүү жана башка аракеттери Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогуна тийиштүү жазуулар киргизилгенден кийин гана жасалды деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-6)
