Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Музей буюмдарын жана музей коллекцияларын Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизүү жана андан чыгаруу тартиби
Күчүндө · 25.10.2024 редакциясы · 2-глава
1. Музей буюмдары жана музей коллекциялары Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогуна тийиштүү жазуулар киргизилген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилди деп эсептелет.
2. Музей буюмдары жана музей коллекциялары Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогуна тийиштүү жазуулар киргизилген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамынан чыгарылды деп эсептелет.
3. Музей буюмдарын жана музей коллекцияларын Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизүү жана анын курамынан чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдарын жана музей коллекцияларынын менчик ээсине менчик укугун ырастоочу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте юридикалык коргоону камсыз кылуучу күбөлүк берилет.
5. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдарына жана музей коллекцияларына карата жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган жеке жана юридикалык жактардын менчик укуктарын өткөрүп берүү жана башка аракеттери Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогуна тийиштүү жазуулар киргизилгенден кийин гана жасалды деп эсептелет.
Берененин тексти 25.10.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111237/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>