# 4-берене. Кыргыз Республикасынын Музей фонду

- Документ: [Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111237)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 193 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2058/edition/665642/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111237/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө, 4-берене (25.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-4

---

1. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына кирген музей буюмдары жана музей коллекциялары Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Музей фонду мамлекеттик жана мамлекеттик эмес бөлүктөрдөн турат.

3. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдары жана музей коллекциялары менчиктин мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка формаларында болот.

4. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүн мамлекеттин менчигинде турган музей буюмдары жана музей коллекциялары түзөт.

5. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүн жеке жада юридикалык жактарга менчик укугунда таандык болгон, белгиленген тартипте Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдары жана музей коллекциялары түзөт.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-5)
