# 28-берене. Музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эл алдына коюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111237)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 193 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2058/edition/665642/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111237/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө, 28-берене (25.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-28

---

1. Музей буюмдарын жана музей коллекцияларын биринчи жолу эл алдына коюу укугу бул музей буюмдары жана музей коллекциялары бекитилип берилген музейге таандык.

2. Музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын көчүрмөлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу укугун берүүнү музейлер музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын менчик ээси белгилеген тартипте жүзөгө ашырат.

3. Музей буюмдарынын, музейлердин имараттарынын, музейлердин аймагында жайгашкан объекттердин сүрөттөрүн пайдалануу менен, ошондой эле алардын аталыштарын жана символикаларын пайдалануу менен көркөм сүрөт, басма, сувенирдик жана башка көбөйтүлгөн продукцияларды жана эл керектөөчү товарларды өндүрүү музейдин уруксаты менен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-29)
