# 26-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111237)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 193 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2058/edition/665642/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111237/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө, 26-берене (25.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-26

---

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын музей иши жаатындагы мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу;

2) музейлерди жана музей ишин өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын ишке ашыруу жана алардын негизинде жергиликтүү маанидеги программаларды иштеп чыгуу;

3) жергиликтүү маанидеги музейлерди каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу;

4) жергиликтүү ички иштер органдарын тартуу менен жергиликтүү маанидеги музейлерди өрт-коргоо коопсуздугунун тиешелүү шарттарын түзүү;

5) коллекциялардын сакталышынын жана коопсуздугунун талаптарына жооп берген имараттарда гана өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын Музей фондунун буюмдарынын көргөзмөлөрүн кошпогондо, ачык аянттарда (көчөлөрдө, сейил бактарда ж.б.) көргөзмөлөрдү өткөрүү тартибин белгилөө.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-27)
