25-берене. Мамлекеттик музей саясатынын негизги багыттары
Күчүндө · 25.10.2024 редакциясы · 4-глава
25-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 25-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Мамлекеттик музей саясаты музей ишин өнүктүрүүдө мамлекеттик иштин негизги максаттарын, багыттарын, принциптерин, формаларын жана ыкмаларын аныктоочу Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык саясатынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
2. Мамлекет төмөнкүлөрдү мамлекеттик органдар тутуму аркылуу камсыз кылат:
1) мамлекеттик музей саясатын калыптандырууну жана ишке ашырууну;
2) ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнү жана анын аткарылышын контролдоону;
3) Кыргыз Республикасынын Музей фондун сактоону жана мамлекеттик колдоону;
4) музей буюмдарына жана музей коллекцияларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну;
5) Кыргыз Республикасында музей ишин жана музейлерди өнүктүрүү үчүн социалдык-экономикалык, уюштуруучулук, укуктук шарттарды;
6) музей ишинин заманбап инфратүзүмүн калыптандырууга көмөктөшүүнү;
7) музей кадрларын даярдоону жана аларды укуктук жана социалдык жактан коргоону;
8) мамлекеттик музейлерди бюджеттик каржылоону жана материалдык-техникалык жактан камсыздоону;
9) музей ишин өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана жергиликтүү программаларын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну;
10) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тиешелүү бөлүмдөрүн тартуу менен мамлекеттик музейлерди мамлекеттик күзөтүүнү;
11) музей ишине байланышкан фундаменталдуу жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү колдоону;
12) музей иши жаатындагы эл аралык кызматташууга көмөктөшүүнү.
Берененин тексти 25.10.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111237/st-25" title="25-берене - Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>