# 23-берене. Музейлердин эл аралык иши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111237)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 193 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2058/edition/665642/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111237/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө, 23-берене (25.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-23

---

1. Кыргыз Республикасынын музейлери мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын негизинде музей иши жаатындагы эл аралык маданий кызматташууга катышат.

2. Музейлердин эл аралык маданий кызматташууга катышуусу эл аралык илимий программаларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун негизинде бирдиктүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү; музей маалыматтарын, көргөзмөлөрдү өз ара алмашуу; музей ишин уюштурууда эл аралык тажрыйбаларды үйрөнүү; эл аралык конференцияларды, конгресстерди, симпозиумдарды, көргөзмөлөрдү өткөрүү жана аларга катышуу, музей кызматкерлерин биргелешип даярдоону уюштуруу, басма ишин өнүктүрүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-24)
