# 21-берене. Музейдин материалдык-техникалык базасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111237)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 193 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2058/edition/665642/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111237/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө, 21-берене (25.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-21

---

1. Музейди уюштуруучулар музейди иштетүү талаптарына ылайык музейди материалдык-техникалык база, ошондой эле керектүү жабдуу жана транспорт менен камсыз кылууга милдеттүү.

2. Музейлердин имараттары, өзүнчө объекттери жана жайлары, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жер участоктору менчиктештирилбейт жана музейлерге түздөн-түз ыкчам башкаруу укугунда берилет.

3. Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган музейлердин имараттары жана орун жайлары музейге бирдей баадагы башка имарат же орун жай берилген шартта гана алып коюлушу мүмкүн.

4. Музей жайларын долбоорлоодо жана пайдаланууда балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жана улгайган жарандардын муктаждыктары эске алынат.

5. Мамлекеттик музейлерге ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилген кыймылсыз мүлк ижарага берилген учурда, ижара акысы музейдин карамагында калат жана ошол кыймылсыз мүлктүн техникалык абалын жакшыртууга жумшалат.

6. Музейдин жайын ижарага берүү анда маданият мекемеси катары музейдин ишине, анын иш-милдеттик багыты карама-каршы келбеген, ошондой эле музей топтомунун сакталышынын абалына терс таасир этпеген иштер жүргүзүлгөн учурда гана жүзөгө ашырылат.

7. Мамлекеттик музейлер жайгашкан жер участоктору алып коюлбайт жана аларга туруктуу (мөөнөтсүз) пайдалануу укугунда берилет.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-22)
