Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
21-берене. Музейдин материалдык-техникалык базасы
Күчүндө · 25.10.2024 редакциясы · 3-глава
1. Музейди уюштуруучулар музейди иштетүү талаптарына ылайык музейди материалдык-техникалык база, ошондой эле керектүү жабдуу жана транспорт менен камсыз кылууга милдеттүү.
2. Музейлердин имараттары, өзүнчө объекттери жана жайлары, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жер участоктору менчиктештирилбейт жана музейлерге түздөн-түз ыкчам башкаруу укугунда берилет.
3. Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган музейлердин имараттары жана орун жайлары музейге бирдей баадагы башка имарат же орун жай берилген шартта гана алып коюлушу мүмкүн.
4. Музей жайларын долбоорлоодо жана пайдаланууда балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жана улгайган жарандардын муктаждыктары эске алынат.
5. Мамлекеттик музейлерге ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилген кыймылсыз мүлк ижарага берилген учурда, ижара акысы музейдин карамагында калат жана ошол кыймылсыз мүлктүн техникалык абалын жакшыртууга жумшалат.
6. Музейдин жайын ижарага берүү анда маданият мекемеси катары музейдин ишине, анын иш-милдеттик багыты карама-каршы келбеген, ошондой эле музей топтомунун сакталышынын абалына терс таасир этпеген иштер жүргүзүлгөн учурда гана жүзөгө ашырылат.
7. Мамлекеттик музейлер жайгашкан жер участоктору алып коюлбайт жана аларга туруктуу (мөөнөтсүз) пайдалануу укугунда берилет.
Берененин тексти 25.10.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111237/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>