# 20-берене. Музейлерди каржылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111237)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 193 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2058/edition/665642/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111237/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө, 20-берене (25.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-20

---

1. Музейлерди каржылоо түзүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Республикалык, облустук жана райондук маанидеги мамлекеттик музейлерди каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Муниципалдык музейлерди каржылоо жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

4. Мамлекеттик музейлерди кошумча каржылоо булактарынан алынган бюджеттик багыттар жана каражаттар бюджеттик мезгил ичинде алып коюлбайт.

5. Музейлерге жана көргөзмөлөргө кирүү акысы, илимий-изилдөө иши; юридикалык жана жеке жактардын тапшырыгы боюнча музей аткарган иш үчүн алынган акы, сувенир буюмдарын сатуудан, басма ишинен түшкөн кирешелер мамлекеттик музейлерди каржылоонун кошумча булактары болуп саналат.

6. Мамлекеттик эмес музейлерди каржылоо музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын, ошондой эле музейди иштетүү үчүн ушул Мыйзамда каралган шарттардын сакталышын камсыз кылуучу өлчөмдө уюштуруучунун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-21)
