# 18-берене. Музейлердин түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111237)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 193 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 октября 2024 года № 171 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О музеях и Музейном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230016839)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111237#diff=665642..20013>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2058/edition/665642/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111237/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө, 18-берене (25.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-18

---

1. Музейлер өз тармактары боюнча төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) тарыхый - коллекцияларынын жыйнактары адамзат коомунун өнүгүү тарыхын документтештирген тармактык музейлер тобу;

2) тарыхый-мекен таануу - белгилүү бир калктуу конуштун же географиялык региондун тарыхый, табигый жана маданий өнүгүүсүн документтештирүү жана презентациялоо иш объекти болуп саналган музей;

3) адабий - жыйнактары адабияттын тарыхын жана учурдагы адабий процесстерди документтештирген музейлер тобу;

4) көркөм - улуттук жана чет өлкөлүк сүрөт жана жасалга-колдонмо көркөм өнөрүнүн тарыхын жана өнүгүүсүн документтештирүүчү, көркөм өнөр чыгармаларын чогултууну, сактоону, изилдөөнү жана жайылтууну жүзөгө ашыруучу тармактык музейлер тобу;

5) техникалык жана илимий - илим менен техниканын өнүгүү процессин документтештирүүчү, илим жана техника эстеликтерин табуучу, сактоочу жана изилдөөчү, илимий-техникалык билимдердин негиздерин жайылтуучу тармактык музейлер тобу;

6) тармактык - багыты конкреттүү билим тармагы же өндүрүштүк иштин тармагы менен байланышты аныктаган музейлер;

7) корук музейлер - өзгөчө тарыхый, илимий, көркөм же башка маданий мааниси бар кыймылсыз тарыхый-маданий байлыктардын ансамбли жана комплекстери;

8) мемориалдык - көрүнүктүү инсандардын элесин, ошондой эле сакталган жана кайра түзүлгөн тарыхый жана маданий эстеликтердин, мемориалдык-турмуш-тиричилик жагдайдын жана мемориалдык буюмдардын негизинде тарыхый окуяларды түбөлүккө калтыруу үчүн түзүлгөн музейлер;

9) археологиялык - эреже катары, археологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында табылган тарыхый, көркөм баалуулукка ээ болгон буюмдарды чогулткан, сактаган, изилдеген жана көрсөткөн тарыхый тармактагы музейлер;

10) этнографиялык - жыйнактары элдердин жана башка этностук коомчулуктардын этногенезин, ар кандай элдердин өткөн жана азыркы маданияты менен турмуш-тиричилигинин өзгөчөлүктөрүн документтештирген тарыхый тармактык музейлер тобу;

11) санжыра музейлери - адамдардын туугандык өз ара байланыштары, уруулардын тарыхы, айрым адамдардын теги жөнүндө материалдарды чогултууну, сактоону, изилдөөнү жана жайылтууну, ошондой эле туугандык байланыштарды аныктоону, муундар боюнча жазмаларды жана санжыраларды түзүүнү жүзөгө ашыруучу тарыхый тармактагы музейлер.

2. Музейлер менчиктин түрү боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) мамлекеттик менчикке негизделген музейлер;

2) муниципалдык менчикке негизделген музейлер;

3) жеке менчикке негизделген музейлер.

3. Музейлерди түзүү ыкмасы боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) уюштуруучу тарабынан өз алдынча юридикалык жак катары түзүлгөн музейлер;

2) ведомстволук - юридикалык жакты түзбөстөн мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн музейлер.

(КР 2024-жылдын 25-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-19)
