# 12-берене. Кыргыз Республикасынын Музей фондун мамлекеттик колдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111237)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 193 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2058/edition/665642/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111237/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө, 12-берене (25.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-12

---

1. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүн мамлекеттик колдоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүн толтурууну;

2) Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүн сактоо жана коргоо үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылууну;

3) Кыргыз Республикасынын Музей фондун реставрациялоо жана консервациялоо үчүн шарттарды түзүүнү.

2. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүн мамлекеттик колдоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) музей буюмдарына жана музей коллекцияларына карата менчик укугун каттоо жана юридикалык коргоону;

2) реставрациялоо жумуштарын уюштуруучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүү үчүн мамлекеттик реставрациялоочу мекемелерди берүүнү.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-13)
