# 11-берене. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун абалын мамлекеттик контролдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111237)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 193 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2058/edition/665642/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111237/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө, 11-берене (25.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун абалын мамлекеттик контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун абалын мамлекеттик контролдоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:

1) музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын сакталышынын абалын жана аларды сактоо шарттарын текшерүү, ошондой эле тиешелүү эсепке алуу документтерин жүргүзүү;

2) музей буюмдары жана музей коллекциялары жөнүндө суроо-талаптарды жиберүү жана маалыматтарды алуу;

3) Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн музей буюмдарын жана музей коллекцияларын менчик ээлигинен ажыратуу жөнүндө же болбосо сактоо шарттарын өзгөртүү боюнча менчик ээсине сунуштамаларды берүү.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-12)
