# 10-берене. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун музей буюмдарын, музей коллекцияларын камсыздандыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111237)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 193 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2058/edition/665642/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111237/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө, 10-берене (25.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-10

---

1. Экспонат катары көрсөтүү, реставрациялоо жана илимий экспертиза жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынын чектеринен убактылуу алып чыгарылуучу Кыргыз Республикасынын Музей фондунун музей буюмдары жана музей коллекциялары жана музейлик маанидеги буюмдар милдеттүү түрдө камсыздандырылууга жатат.

2. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын, ошондой эле музейлик маанидеги буюмдардын баа берүүчү жана камсыздандыруу наркын белгилөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111237/st-11)
