# 9-берене. Көз каранды эмес эксперттер

- Документ: [Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111236)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 192 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2057/edition/1179532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111236/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 9-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-9

---

1. Жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча карама-каршылыктар болгондо, тараптар макулдашууга жетише албаган учурда камсыздандырылуучу, жабырлануучу, пайда табуучу же болбосо камсыздандыруучу тарабынан көз каранды эмес эксперттер тартылат.

2. Автотранспорт каражаттарын тейлөө жана оңдоо, кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга уруксаты бар жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик жана жеке менчик дарылоо мекемелери, соттук-медициналык экспертиза органдары, медициналык-санитардык эксперттик комиссиялар жана башка компетенттүү жактар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде көз каранды эмес эксперт болуп саналат.

3. Көз каранды эмес эксперттер милдеттүү камсыздандырууга байланышкан, жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоону камсыздандырылуучуга, жабырлануучуга, пайда табуучуга же камсыздандыруучуга карата тең укуктуулук, бейтараптуулук жана калыстык принциптерине негизденүү менен 15 календардык күндүн ичинде жүргүзүүгө милдеттүү.

4. Милдеттүү камсыздандыруу менен байланышкан, жабырлануучунун, пайда табуучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоону жүргүзгөн көз каранды эмес эксперт өзүнүн ишин жүргүзүү укугун ырастаган документтерге ээ болууга жана маалыматтын аныктыгы жана баалоо актысынын тууралыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартууга тийиш.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-10)
