# 8-берене. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалыматтарды Автоматташтырылган маалыматтык борборго берүү

- Документ: [Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111236)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 192 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2057/edition/1179532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111236/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 8-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-8

---

1. Автоматташтырылган маалыматтык борбор түзүлгөн ар бир камсыздандыруу келишими жөнүндө, камсыздандыруу сый төлөмдөрүнүн көлөмү жөнүндө, камсыздандыруу окуялары жөнүндө, мүлк жана ден соолук боюнча камсыздандырып ордун толтуруунун суммалары жөнүндө, камсыздандырып ордун толтуруудан баш тартуу жөнүндө, жабырлануучунун, пайда табуучунун жөнгө салынбаган дооматтары жөнүндө, ар бир транспорт каражаты боюнча, менчик ээсинин алмашкандыгы жөнүндө, ишеним кат боюнча транспорт каражаттарын башкарууга укуктуу адамдар жөнүндө, болгон жол-транспорт кырсыктары, жол-транспорт кырсыктарына катышуучулар жана жабырлануучулар жөнүндө маалыматтар базасын камтыйт.

2. Автоматташтырылган маалыматтык борбор камсыздандыруу субъектилеринин ортосундагы милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалыматтардын базасын түзүү, толуктоо, өзгөртүү жана алмашуу функцияларын аткарган, Камсыздандыруучулардын коомдук бирикмесинин алдындагы коммерциялык эмес уюм түрүндө түзүлөт.

3. Автоматташтырылган маалыматтык борбор анын маалыматтар базасындагы маалыматтык ресурстарды түзүүдө жана алууда камсыздандыруучулардын катышуусуна бирдей шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.

4. Автоматташтырылган маалыматтык борбордун кызматкерлери өздөрү берген маалыматтардын ишенимдүүлүгү жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш.

5. Автоматташтырылган маалыматтык борборду түзүүнүн, иштетүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-9)
