# 5-берене. Жарандык-укуктук жоопкерчилиги милдеттүү камсыздандырылууга жаткан жактар

- Документ: [Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111236)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 192 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2057/edition/1179532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111236/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 5-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланылган бардык транспорт каражаттарынын ээлерине милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдеттүүлүк жайылтылат.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги жана башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттары милдеттүү түрдө камсыздандырылууга жатат.

3. Автотранспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилиги ага таандык ар бир автотранспорт каражаты боюнча камсыздандырылууга тийиш.

4. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдин шарттарына ылайык Кыргыз Республикасы тааныган башка мамлекетте камсыздандыруу келишимин түзгөн ээлик кылуучуларды кошпогондо, башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары Кыргыз Республикасына кирген учурда милдеттүү камсыздандырылууга жатат.

5. Өзүнүн кызматтык же эмгектик милдетин аткаруу шартына байланыштуу, анын ичинде автотранспорт каражаттарынын ээлери менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде, же болбосо бүтүмдү жазуу жүзүндө тариздебеген автотранспорт каражатынын ээсинин эрки менен анын катышуусунда автотранспорт каражаттарын башкарган жеке жактарга жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдеттүүлүк жайылтылбайт.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 21-сентябряндагы № 4-р чечими

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-6)
