5-берене. Жарандык-укуктук жоопкерчилиги милдеттүү камсыздандырылууга жаткан жактар
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 1-глава
1. Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланылган бардык транспорт каражаттарынын ээлерине милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдеттүүлүк жайылтылат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги жана башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттары милдеттүү түрдө камсыздандырылууга жатат.
3. Автотранспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилиги ага таандык ар бир автотранспорт каражаты боюнча камсыздандырылууга тийиш.
4. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдин шарттарына ылайык Кыргыз Республикасы тааныган башка мамлекетте камсыздандыруу келишимин түзгөн ээлик кылуучуларды кошпогондо, башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары Кыргыз Республикасына кирген учурда милдеттүү камсыздандырылууга жатат.
5. Өзүнүн кызматтык же эмгектик милдетин аткаруу шартына байланыштуу, анын ичинде автотранспорт каражаттарынын ээлери менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде, же болбосо бүтүмдү жазуу жүзүндө тариздебеген автотранспорт каражатынын ээсинин эрки менен анын катышуусунда автотранспорт каражаттарын башкарган жеке жактарга жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдеттүүлүк жайылтылбайт.
Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 21-сентябряндагы № 4-р чечими
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) жана аларды Кыргыз Республикасынын…Порядок · 17.05.2025 · № 261 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 464 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын…Постановление · 09.08.2024 · № 464 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111236/st-5" title="5-берене - Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>