# 4-берене. Милдеттүү камсыздандыруу объектиси жана камсыздандыруу тобокелдиги

- Документ: [Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111236)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 192 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2057/edition/1179532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111236/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 4-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-4

---

1. Автотранспорт каражаттарын пайдаланууда болгон жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында жабырлануучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдеттүүлүгүнө байланышкан автотранспорт каражаттарынын ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктары милдеттүү камсыздандыруу объектиси болуп саналат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттенмелер боюнча жарандык-укуктук жоопкерчиликтин пайда болушу милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу тобокелдигине кирет, буга төмөнкүлөрдүн натыйжасында жоопкерчилик жаралган учурлар кирбейт:

1) милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөндөн башка автотранспорт каражаттарын пайдаланууда зыян келтирүүнүн;

2) моралдык зыян келтирүүнүн же алынбай калган пайданын ордун толтуруу боюнча милдеттердин келип чыгуусунун;

3) атайын бөлүнгөн жерлерде өткөрүлгөн мелдештерди, сыноолорду же болбосо машыгуу жүрүштөрүн өткөрүүнүн жүрүшүндө автотранспорт каражаттарын пайдаланганда зыян келтирүүнүн;

4) курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн булгануусунун;

5) кызматкерге келтирилген зыяндан келип чыккан чыгымдардын ордун толтуруу боюнча жумуш берүүчүнүн милдеттүүлүгүнүн;

6) автотранспорт каражаттарын пайдаланган адам анын камсыздандырылуучу менен түзүлгөн эмгектик мамилелеринен улам талаптарды коюшунун;

7) өзү башкарган автотранспорт каражатына жана ага чиркелген чиркегичке, аны менен ташылып бараткан жүккө, ага орнотулган жабдууга айдоочунун зыян келтирүүсүнүн;

8) автотранспорт каражатына жүктү жүктөөдө же андан жүктү түшүрүүдө зыян келтирүүнүн;

9) антиквардык жана башка уникалдуу нерселерди, тарыхый-маданий мааниси бар имараттарды жана курулмаларды, асыл металлдардан жана асыл жана жарым асыл таштардан жасалган буюмдарды, накталай акчаларды, баалуу кагаздарды, диний мүнөздөгү нерселерди, ошондой эле илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармаларын, интеллектуалдык менчиктин башка объекттерин зыянга учуратуунун же жок кылуунун;

10) Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында же милдеттүү камсыздандыруу келишимдеринде каралган жоопкерчиликтин лимиттик өлчөмүнөн ашкан зыяндын ордун толтуруу бөлүгүндө автотранспорт каражаттарынын ээлеринин милдеттүүлүгүнүн;

11) атайылап жасалган аракеттер зарыл коргонуу же аргасыз зарылдык абалында жасалган учурларды кошпогондо, камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун (жабырлануучунун) же камсыздандырылган адамдын (айдоочунун) атайылаган ниетинен улам камсыздандыруу окуясынын болушунун;

12) өз мүлкүнө жана жакын туугандарынын мүлкүнө камсыздандырылуучунун же айдоочунун өзүнүн зыян келтирүүсүнүн.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-5)
