# 31-берене. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111236)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 192 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 августа 2020 года № 127 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании гражданско-правовой ответственности владельцев автотранспортных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/112114)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.08.2020 [Закон КР от 14 августа 2020 года № 127 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании гражданско-правовой ответственности владельцев автотранспортных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/112114); 13.03.2020 [Закон КР от 13 марта 2020 года № 27 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании гражданско-правовой ответственности владельцев автотранспортных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/112027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111236#diff=1179534..1179535>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2057/edition/1179532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111236/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 31-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-31

---

1. Ушул Мыйзамды бузган, ошондой эле камсыздандыруу окуясын атайылап жасоого жана камсыздандырып ордун толтурууну мыйзамсыз алууга багытталган укукка каршы башка аракеттерди жасаган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.

2. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдетти аткарбаганы үчүн жоопкерчилик төмөнкүдөй белгиленет:

1) башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн - 2020-жылдын 1-апрелинен тартып;

2) юридикалык жактардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде же алардын ээлигинде турган автотранспорт каражаттары үчүн - 2021-жылдын 1-январынан тартып;

3) уруксат берилген жалпы максималдык массасы 12 тоннадан ашык жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн - 2021-жылдын 1-январынан тартып;

4) уруксат берилген жалпы максималдык массасы 12 тоннадан аз жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн - 2021-жылдын 1-январынан тартып;

5) жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылган автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн - 2021-жылдын 1-январынан тартып;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн - 2022-жылдын 1-январынан тартып.

(КР 2020-жылдын 13-мартындагы № 27, 2020-жылдын 14-августундагы № 127 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 21-сентябряндагы № 4-р чечими

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-32)
