# 3-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун максаттары жана принциптери

- Документ: [Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111236)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 192 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2057/edition/1179532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111236/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 3-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-3

---

1. Автотранспорт каражаттарын пайдаланууда болгон жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууга жабырлануучунун жана (же) пайда табуучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле өздөрүнүн жоопкерчилигин камсыздандырган автотранспорт каражаттарынын ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.

2. Милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ушул Мыйзамда белгиленген чектерде, жабырлануучулардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлктөрүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу кепилдиги;

2) ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруунун жалпыга бирдейлиги жана милдеттүүлүгү;

3) автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануунун бүткүл мөөнөтүнүн ичинде милдеттүү камсыздандырууну колдонуунун үзгүлтүксүздүгү;

4) мүлктүк кызыкчылыктарды коргоодо автотранспорт каражаттарынын ээлеринин экономикалык кызыкдарлыгы.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 21-сентябряндагы № 4-р чечими

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-4)
