Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун максаттары жана принциптери
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 1-глава
1. Автотранспорт каражаттарын пайдаланууда болгон жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууга жабырлануучунун жана (же) пайда табуучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле өздөрүнүн жоопкерчилигин камсыздандырган автотранспорт каражаттарынын ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.
2. Милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Мыйзамда белгиленген чектерде, жабырлануучулардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлктөрүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу кепилдиги;
2) ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруунун жалпыга бирдейлиги жана милдеттүүлүгү;
3) автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануунун бүткүл мөөнөтүнүн ичинде милдеттүү камсыздандырууну колдонуунун үзгүлтүксүздүгү;
4) мүлктүк кызыкчылыктарды коргоодо автотранспорт каражаттарынын ээлеринин экономикалык кызыкдарлыгы.
Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 21-сентябряндагы № 4-р чечими
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2016-жылдын 21-сентябрындагы N 4-р "жаран Т.И.Иманкуловдун кайрылуусуна байланыштуу "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин…Сот практикасы · Решение · 21.09.2016 · № 04-р
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111236/st-3" title="3-берене - Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>