28-берене. Кепилдик төлөмдөр
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 5-глава
Кепилдик төлөмдөр кепилдик төлөмдөр фондунун каражаттарынан төлөнөт, мындай каражаттар милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча, жоопкерчиликтин белгиленген чектеринде, жол-транспорт кырсыгы болгондо жана адам жол-транспорт кырсыгы болгон жерден качып кеткенде жана табылбаганда, ошондой эле камсыздандыруучу мажбурланып жоюлганда төлөнүүгө жатат. Кепилдик төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим Камсыздандыруучулардын коомдук бирикмеси тарабынан, кепилдик төлөмдү жүзөгө ашырууга кызыкдар жактар бардык зарыл документтерди бергенден кийин кабыл алынат. Төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун жана каражаттарды чыгымдоонун тартиби, ошондой эле кепилдик төлөмдөр фондуна чегерүүлөрдүн суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу ыйгарым укуктук мамлекеттик органдын макулдугу менен, Камсыздандыруучулардын коомдук бирикмеси тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111236/st-28" title="28-берене - Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>