# 27-берене. Камсыздандыруучуну камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашыруудан бошотуунун негиздери

- Документ: [Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111236)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 192 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2057/edition/1179532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111236/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 27-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-27

---

1. Эгерде зыянга учураган мүлктү ушул берененин талаптарына ылайык карап чыгууну жана (же) ага карата көз каранды эмес экспертизаны (баалоону) жүргүзгөнгө чейин, зыянга учураган мүлктү оңдоо же анын калдыктарын жоготуу камсыздандыруу окуясынын болгондугун жана милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүп берилүүгө тийиш чыгымдардын өлчөмүн далилдүү аныктоого мүмкүндүк бербесе, камсыздандыруучу жабырлануучуга же пайда табуучуга камсыздандырып ордун толтурууну же анын бөлүгүн төлөп берүүдөн баш тартууга укуктуу.

2. Камсыздандыруучу ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн баш тартат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-28)
