# 26-берене. Камсыздандырылуучунун зыяндын ордун толтуртууга укугунун камсыздандыруучуга өтүшү

- Документ: [Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111236)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 192 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2057/edition/1179532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111236/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 26-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-26

---

1. Өздөрүнүн жарандык жоопкерчиликтерин ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жабырлануучунун пайдасына камсыздандырган жеке же юридикалык жак, келтирилген зыяндын ордун толук толтуруу үчүн камсыздандыруу суммалары жетишсиз болуп калганда милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган жоопкерчилик лимитинин жана зыяндын иш жүзүндөгү өлчөмүнүн ортосундагы айырманы төлөп берет.

2. Камсыздандыруунун натыйжасында орду толтурулган чыгымдар үчүн жоопкерчиликтүү жакка карата камсыздандырылуучунун талап кылуу укугу камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берген камсыздандыруучуга, төлөнгөн сумманын чегинде өтөт. Бир нече жактар биргелешип келтирген зыянды төлөп берген камсыздандыруучу зыян келтиргендердин ар биринен жабырлануучуга же пайда табуучуга төлөнүп берилген камсыздандырып ордун толтуруунун үлүшүн зыян келтиргендин күнөөсүнүн даражасына ылайык өлчөмдө талап кылууга укуктуу. Күнөөнүн даражасын аныктоо мүмкүн болбогондо үлүштөр бирдей деп таанылат.

3. Эгерде көрсөтүлгөн адам мас (алкоголдук, баңгизаттык, уулуу заттык) абалында транспорт каражатын башкарганда зыян келтирсе, камсыздандыруучу зыян келтирген жакка, анын ичинде камсыздандырылуучуга карата камсыздандыруучу төлөп берген камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүндө регресстик талапты коюуга укуктуу.

4. Камсыздандыруучуга өткөн талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген, камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) жана келтирилген чыгымга жоопкер жактын ортосундагы мамилени жөнгө салган эрежелерди сактоо аркылуу жүзөгө ашырылат.

5. Камсыздандырылуучу (пайда табуучу) камсыздандыруучуга бардык документтерди жана далилдерди берүүгө жана камсыздандыруучуга өткөн талап кылуу укугун жүзөгө ашыруу үчүн зарыл бардык маалыматтарды ага билдирүүгө милдеттүү.

6. Эгерде камсыздандырылуучу (пайда табуучу) камсыздандыруучу төлөп берген чыгымдар үчүн жоопкер жакка карата өзүнүн талап коюу укугунан баш тартса же камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) күнөөсү боюнча ошол укукту иш жүзүнө ашыруу мүмкүн болбой калса, камсыздандыруучу камсыздандырып ордун толтурууну толук же тийиштүү бөлүгүндө төлөп берүүдөн бошотулат жана ордун толтуруунун ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-27)
