24-берене. Камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашыруунун тартиби
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 4-глава
1. Камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун же пайда табуучунун камсыздандырып ордун толтуруу жөнүндө арызын, ага тиркелген, милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде жана ушул Мыйзамдын 23-беренесинде каралган документтерди аларды алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде карайт. Камсыздандыруучу көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде жабырлануучуга же пайда табуучуга камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө же болбосо мындай төлөп берүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө жүйөлөнгөн катты ага жөнөтүүгө милдеттүү.
2. Зыяндын ордун толтуруу төмөнкүдөй кезекте жүзөгө ашырылат:
1) өмүргө жана ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр;
2) мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр.
3. Камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүн пайда табуучу талашкан учурларда, камсыздандыруучу камсыздандырып ордун толтуруунун талашкан жактардын бири да ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн ичинде талашпаган бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттүү.
Камсыздандырып ордун толтуруунун талашка түшкөн бөлүгү камсыздандыруучу менен жабырлануучунун, пайда табуучунун ортосундагы сүйлөшүүлөр жолу менен макулдашылат. Өз ара макулдашууга жетишилбеген учурда, талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сот тартибинде чечилет.
4. Эгерде камсыздандыруу окуясынын болушуна алып келген окуянын натыйжасында жабырлануучунун ден соолугу начарласа (I, II, III топтогу майыптык чектелип берилсе) же ал каза болсо, жабырлануучудан, пайда табуучудан келип түшкөн арыздын жана тиешелүү документтердин негизинде камсыздандыруучу кошумча камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашырууга милдеттүү, мында төлөмдөрдүн жалпы суммасы жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жоопкерчиликтин лимитинен ашпоого тийиш.
Камсыздандырып ордун толтуруу ушул беренеде жана ушул Мыйзамдын 23-беренесинде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111236/st-24" title="24-берене - Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>