# 23-берене. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүнүн шарттары

- Документ: [Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111236)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 192 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2057/edition/1179532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111236/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 23-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-23

---

1. Камсыздандыруучуга камсыздандырып ордун толтуруу жөнүндө талап камсыздандырылуучу же пайда табуучу тарабынан жазуу жүзүндө, камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашыруу үчүн керектүү документтерди тиркөө менен берилет.

2. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:

1) милдеттүү түрдө берилүүчү документтер:

а) камсыздандыруу полиси (анын жупнускасы);

б) жол-транспорт кырсыгынын схемасынын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

в) жол-транспорт кырсыгы жөнүндө маалымкаттын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

г) алкоголдук, баңги заттык жана уулуу заттык мас болуу абалын күбөлөндүргөн протоколдун белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

д) пайда табуучунун паспортунун көчүрмөсү (жеке жак үчүн) же юридикалык жактын өкүлүнө берилген ишеним каттын түп нускасы;

е) автотранспорт каражатын башкарган адамдын айдоочулук күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана ошол автотранспортту башкаруу укугун ырастаган документтин көчүрмөсү;

2) жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирилген учурда ушул бөлүктүн 1-пунктунда саналган документтерге кошумча түрдө төмөнкүлөр берилет:

а) жабырлануучунун эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготушунун мүнөзү жөнүндө мамлекеттик медициналык мекеменин маалымкаты же жабырлануучунун майыптыгын аныктаган атайын мамлекеттик мекеменин маалымкаты - жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаж экендиги белгиленген учурда;

б) эгерде жабырлануучунун медициналык жардам түрлөрүн алууга муктаж экендиги жана аларды акысыз алууга укугу жок экендиги аныкталса, ал тарткан медициналык чыгымдарды (стационардык дарылоого кошо төлөөгө чыгымдар, дары-дармектерди сатып алууга, кошумча тамактанууга, протездөөгө чыгымдарды) ырастоочу документтер - эсеп-фактура, төлөөгө эсептер, чектер (кассалык, товардык), коштомо документтер, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген башка документтер;

в) камсыздандыруу окуясынын болушунун натыйжасында эмгекке жарамдуулугун жоготкондугунан улам жабырлануучу албай калган эмгек акыны (кирешени) же эмгек акынын бөлүгүн (кирешени) ырастаган документ;

г) жабырлануучу каза болгон учурда - жабырлануучунун каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн нотариустук ырасталган көчүрмөсү, ошондой эле пайда табуучунун мураска укугу жөнүндө документтин нотариустук ырасталган көчүрмөсү;

3) жабырлануучунун мүлкүнө зыян келтирилген учурда - мүлктү оңдоого (калыбына келтирүүгө) жумшалган чыгымдарды ырастаган документтер (эсеп-фактуралар, төлөнгөн эсептер, чектер (кассалык, товардык), коштомо документтер жана башка документтер), Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген башка документтер. Келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо документтери кошумча түрдө берилет.

3. Камсыздандыруучунун камсыздандырылуучудан, жабырлануучудан же болбосо пайда табуучудан кошумча документтерди талап кылышына жол берилбейт.

4. Арыз берүүчүдөн документтерди кабыл алганда камсыздандыруучу аларды алгандыгын ырасташы керек.

5. Камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашырууда камсыздандыруучу пайда табуучунун камсыздандыруучуга талап коюу укугун чектөө шарттарын кабыл алуусун талап кылууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-24)
