# 22-берене. Камсыздандырып ордун толтуруу төлөмдөрүн алууга укугу бар жактар

- Документ: [Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111236)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 192 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2057/edition/1179532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111236/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 22-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-22

---

1. Милдеттүү камсыздандыруу автотранспорт каражаттарын пайдаланууда болгон жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында жабырлануучулардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыз кылат.

2. Жол-транспорт кырсыгынын болушуна күнөөлүү деп белгиленген тартипте табылган автотранспорт каражатынын ээсин жана айдоочусун кошпогондо, автотранспорт каражатын пайдаланууда жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген ар бир жак, анын ичинде өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген, автотранспорт каражатында отурган бардык жүргүнчүлөр, ошондой эле алардын мураскорлору, мыйзамдуу укук улантуучулары камсыздандырып ордун толтурууну алуу укугуна ээ.

3. Милдеттүү камсыздандыруу автотранспорт каражатына бекитилген же болбосо автотранспорт каражатынан түшүп калган кандайдыр бир нерселер жабырлануучуларга келтирген зыянды же залалды компенсациялоону да камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-23)
