22-берене. Камсыздандырып ордун толтуруу төлөмдөрүн алууга укугу бар жактар
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 4-глава
1. Милдеттүү камсыздандыруу автотранспорт каражаттарын пайдаланууда болгон жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында жабырлануучулардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыз кылат.
2. Жол-транспорт кырсыгынын болушуна күнөөлүү деп белгиленген тартипте табылган автотранспорт каражатынын ээсин жана айдоочусун кошпогондо, автотранспорт каражатын пайдаланууда жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген ар бир жак, анын ичинде өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген, автотранспорт каражатында отурган бардык жүргүнчүлөр, ошондой эле алардын мураскорлору, мыйзамдуу укук улантуучулары камсыздандырып ордун толтурууну алуу укугуна ээ.
3. Милдеттүү камсыздандыруу автотранспорт каражатына бекитилген же болбосо автотранспорт каражатынан түшүп калган кандайдыр бир нерселер жабырлануучуларга келтирген зыянды же залалды компенсациялоону да камсыз кылат.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111236/st-22" title="22-берене - Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>