# 18-берене. Тикелей жөнгө салуу

- Документ: [Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111236)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 192 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2057/edition/1179532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111236/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 18-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-18

---

1. Камсыздандыруу окуясы болгон учурда жабырлануучу жана (же) пайда табуучу камсыздандыруу төлөмүн алуу үчүн, күнөөсүнөн улам камсыздандыруу окуясы болгон адамда камсыздандыруу полиси бар болгон шартта, жабырлануучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн тикелей камсыздандыруучуга кайрылууга укуктуу.

2. Жабырлануучуга жана (же) пайда табуучуга камсыздандыруу төлөмдөрүн берүүнү камсыздандыруучу ушул Мыйзамдын 23-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган бардык документтерди алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде жүзөгө ашырат.

3. Камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашырган камсыздандыруучу өзүнүн чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн, күнөөсүнөн улам камсыздандыруу окуясы болгон адамды камсыздандырган камсыздандыруучуга кайрылат.

4. Тикелей жөнгө салуу төмөнкүдөй шарттар сакталганда жүзөгө ашырылат:

1) жабырлануучуда жана күнөөсүнөн улам камсыздандыруу окуясы болгон адамда камсыздандыруу полиси болсо;

2) жол-транспорт кырсыгы Кыргыз Республикасынын аймагында болсо, анын натыйжасында мүлккө гана зыян келтирилсе;

3) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу укугуна лицензиясы бар, Кыргыз Республикасында катталган камсыздандыруу уюмдарында автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылса.

5. Тикелей жөнгө салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-19)
