# 17-берене. Жабырлануучунун, пайда табуучунун укуктары

- Документ: [Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111236)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 192 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2057/edition/1179532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111236/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 17-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-17

---

Жабырлануучу жана (же) пайда табуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында келип чыккан камсыздандыруу окуясынын башталгандыгы, мында камсыздандырылуучуга зыян келтирилгендиги тууралуу камсыздандыруучуга, Камсыздандыруучулардын коомдук бирикмесине билдирүүгө;

2) камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл документтерди камсыздандырылуучунун ордуна камсыздандыруучу үчүн топтоону жүргүзүүгө;

3) мүлккө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн көз каранды эмес эксперттердин кызматын пайдаланууга;

4) зыяндын өлчөмүн баалоонун жана камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүн эсептөөнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды камсыздандыруучудан алууга;

5) ушул Мыйзамдын шарттарына ылайык камсыздандырып ордун толтурууну алууга;

6) камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашыруудан баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө камсыздандыруучунун чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талашууга;

7) кепилдик төлөмдөрдү алуу үчүн Камсыздандыруучулардын коомдук бирикмесине кайрылууга;

8) камсыздандырып ордун толтуруу жөнүндө талап коюлгандан кийин жана талап коюу учурунда жабырлануучу билбеген, өмүргө же ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн зыян келтирген жактын жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырган камсыздандыруучуга кайрылууга;

9) алынган камсыздандырып ордун толтуруунун суммасынан ашкан сумманын өлчөмүндө келтирилген зыяндарды төлөп берүү жөнүндө талапты автотранспорт каражатынын ээсине коюуга.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-18)
