# 13-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу

- Документ: [Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111236)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 192 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2057/edition/1179532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111236/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 13-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-13

---

1. Эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарында башкача каралбаса, камсыздандырылуучу камсыздандыруу сый төлөмүн же анын биринчи салымын төлөгөн учурдан тартып милдеттүү камсыздандыруу келишими күчүнө кирет жана анын аткарылышы тараптар үчүн милдеттүү болуп калат.

2. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимде башкача каралбаса, милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу Кыргыз Республикасынын аймагы менен чектелет.

3. Камсыздандырып ордун толтуруу (камсыздандыруу суммасы) толук көлөмдө төлөнгөндө камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу полиси алып коюлууга жатат. Мында автотранспорт каражатынын ээси автотранспорт каражатын андан ары пайдалануу үчүн жаңы милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-14)
