13-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 3-глава
1. Эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарында башкача каралбаса, камсыздандырылуучу камсыздандыруу сый төлөмүн же анын биринчи салымын төлөгөн учурдан тартып милдеттүү камсыздандыруу келишими күчүнө кирет жана анын аткарылышы тараптар үчүн милдеттүү болуп калат.
2. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимде башкача каралбаса, милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу Кыргыз Республикасынын аймагы менен чектелет.
3. Камсыздандырып ордун толтуруу (камсыздандыруу суммасы) толук көлөмдө төлөнгөндө камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу полиси алып коюлууга жатат. Мында автотранспорт каражатынын ээси автотранспорт каражатын андан ары пайдалануу үчүн жаңы милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111236/st-13" title="13-берене - Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>