# 10-берене. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдеттери

- Документ: [Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111236)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 192 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2057/edition/1179532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111236/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 10-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-10

---

1. Автотранспорт каражаттарынын ээлери автотранспорт каражаттарын пайдаланууда жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирүүнүн натыйжасында пайда болушу мүмкүн болгон өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигинин тобокелдигин өз эсебинен камсыздандыруучу катары камсыздандырууга милдеттүү.

2. Автотранспорт каражатынын ээси автотранспорт каражатына ээлик кылуу укугу пайда болгондон кийин (аны менчикке сатып алса, анын ичинде автотранспорт каражатын менчиктен ажыратуу укугун берген ишеним кат алса, чарба жүргүзүү үчүн же ыкчам пайдаланып турууга же болбосо башка мыйзамдык негизде алса) 5 жумуш күндүн ичинде өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыз кылууга жана андан кийин ушул Мыйзамга ылайык жарандык-укуктук жоопкерчиликти туруктуу камсыздандырууга милдеттүү.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 21-сентябряндагы № 4-р чечими

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111236/st-11)
