# КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 189 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 189 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111233>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2054/edition/764927/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111233.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 189 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111233

---

КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 24-июлу № 189 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111233/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

### [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111233/st-5)

төмөнкүдөй мазмундагы 9-1 жана 9-2-пункттар менен толукталсын: "9-1) Евразия экономикалык бирлигинин (ЭЕЭБ) алкагындагы башка мамлекеттер менен биргелешип Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдар менен чет өлкөлүк валютаны кайра сатуу милдеттенмеси менен Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген финансылоого алар тарабынан жиберүүчү каражаттар боюнча аны сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга; 9-2) Евразия экономикалык бирлигинин (ЭЕЭБ) алкагындагы башка мамлекеттер менен биргелешип Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдарга чет өлкөлүк валютанын камсыздоосу алдында акы төлөө, мөөнөттүүлүк жана кайтарып берүү шарттарында алар тарабынан Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген финансылоону жүзөгө ашыруучу долбоорлору жана программалары боюнча улуттук валютадагы акча каражаттарын берүүгө;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111233/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
