# 1-берене

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111232)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 188 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111232/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2053/edition/665084/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111232/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу, 1-берене (24.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111232/st-1

---

"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 17-берененин 5-пунктунун биринчи абзацы "чек" деген сөздөн кийин "же товарларды накталай эмес формада төлөгөндүгүн ырастаган документ" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 27-берене төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:

"перифериялык түзүлүштөгү аппараттарды пайдалануу менен накталай эмес формада (төлөм карточкалары) товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алуучунун төлөө ыкмасын тандап алуусун чектөөгө. Соода-сервистик ишканалардын тизмеги, ошондой эле соода-сервистик ишканалар банктык төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө үчүн ага ылайык өзүлөрүндө POS-терминалдарды орнотууга милдеттүү болгон критерийлер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111232/st-2)
