# КР 2015-жылдын 21-июлундагы № 186 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 21-июлундагы № 186 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 186
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111230>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2051/edition/663253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111230.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 21-июлундагы № 186 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111230

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 21-июлу № 186 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111230/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 65-1-статья менен толукталсын:

"65-1-статья. Балдардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу жана алардын өнүгүүсү боюнча чараларды камсыз кылууга карата талаптарды сактабоо Балдардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу, алардын дене-бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-аклактык өнүгүүсү боюнча чараларды камсыз кылууга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген талаптарды сактабоо, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн бешке чейинки, кызмат адамдарына - бештен онго чейинки, юридикалык жактарга - жүздөн жүз элүүгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет. Ошол эле жосун жыл ичинде кайталанып жасалганда, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки, кызмат адамдарына - ондон он бешке чейинки, юридикалык жактарга - жүз элүүдөн эки жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 506-статьянын 3-пунктунда "жашы жетпегендердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын.

3. 510-статьяда:

аталышында жана текстинде "жашы жетпегендердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын; статья "65," деген цифралардан кийин "65-1," деген цифралар менен толукталсын.

4. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын алтынчы абзацы "65," деген цифралардан кийин "65-1," деген цифралар менен толукталсын.

5. 584-статьянын 6-бөлүгүндө "жашы жете электердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111230/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
