# 4-берене. Балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлерде балдардын болуусуна жол берилбестиги жөнүндө маалымдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111229)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 21-июлундагы № 185 "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 185
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111229/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2050/edition/1273539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111229/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө, 4-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111229/st-4

---

Укук бузуулардын алдын алуу субъекттери өз компетенциясынын чектеринде жана "Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, балдарга, ата-энелерге (аларды алмаштыруучу адамдарга), балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдарга, башка жарандарга, юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген жерлерде болушуна жол берилбестиги жөнүндө жана ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды бузгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчилик тууралуу үзгүлтүксүз маалымдоону, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары жана "Интернет" маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу маалымдоону жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [3-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111229/st-3-1)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111229/st-5)
