# 3-берене. Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча негизги чаралар

- Документ: [Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111229)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 21-июлундагы № 185 "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 185
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 9 августа 2023 года № 176 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, законы Кыргызской Республики "О мерах по предупреждению причинения вреда здоровью детей, их физическому, интеллектуальному, психическому, духовному и нравственному развитию в Кыргызской Республике", "О средствах массовой информации")](https://aqlex.ai/kg/doc/112655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111229#diff=1273539..1273540>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111229/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2050/edition/1273539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111229/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө, 3-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111229/st-3

---

1. Ата-энелер (аларды алмаштыруучу адамдар), балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдар балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлерде балдардын болуусуна жол бербөө боюнча талаптарды сактоону камсыз кылууга милдеттүү.

1-1. Жашы жете элек балдардын дене бой, интеллектуалдык, руханий өнүгүүсүнө зыян келтириши мүмкүн болгон жаңылык эмес мүнөздөгү программаларда жана берүүлөрдө аларды жашы жете электердин көрүүсүнө карата техникалык чектөө мүмкүнчүлүгү болууга тийиш. Кинозалда көрсөтүлүүчү фильмди кошпогондо, маалымат продукциясынын белгиси кадрдын бурчунда көрсөтүлөт. Маалымат продукциясынын белгисинин өлчөмү экрандын, тийиштүү көрсөтмө иш-чараны өткөрүү кино же видео көрсөтүү жөнүндө афишанын же башка жарыянын, ошондой эле кирүү билетинин, чакыруу кагазынын, же болбосо мындай иш-чарага катышууга укук берүүчү башка документтин аянтынын беш пайызынан кем эмесин түзүүгө тийиш.

2. Балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген жерлерге киргизилген объекттерди (аймактарды, орун-жайларды) пайдалануучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер көрсөтүлгөн объекттерде (аймактарда, орун-жайларда) балдардын болуусунун алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү, анын ичинде:

1) тиешелүү объектке (аймакка, орун-жайларга) кире бериште алар пайдаланган, балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген жерлерге киргизилген объекттерде (аймактарда, орун-жайларда) балдардын болуусуна тыюу салынгандыгы же болуусу чектелгендиги жөнүндө эскертүү жазууларын (маалыматты) жайгаштырууга;

2) баланын 18 жаш куракка жеткендигинин фактысына шектенүүлөр болгондо андан паспортун же өздүгүн тастыктаган башка документин көрсөтүүсүн талап кылууга.

3. Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча негизги чаралар болуп төмөнкүлөр саналат:

1) балдарды, ата-энелерди (аларды алмаштыруучу адамдарды), балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдарды, башка жарандарды, юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлерде балдардын болуусуна жол берилбей тургандыгы жөнүндө кабардар кылуу;

2) балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлерде балдардын болуусун контролдоону жүзөгө ашыруу;

3) балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлерде балдарды айкындап табуу;

4) ата-энелерди (аларды алмаштыруучу адамдарды), балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдарды, ички иштер органдарын балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерде баланын табылгандыгы жөнүндө кабардар кылуу;

5) балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлерден табылган балдарды алардын ата-энелерине (аларды алмаштыруучу адамдарга), балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдарга же болбосо калыбына келтирилүүгө муктаж жашы жетпегендер үчүн адистештирилген мекемелерге жеткирүү;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, балдардын болуусуна тыюу салынган же болуусу чектелген коомдук жерлерде балдардын болуусуна жол берилбестиги жөнүндө балдар, ата-энелер (аларды алмаштыруучу адамдар) менен жеке алдын алуу иштерин жүргүзүү;

7) ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111229/st-2-1)  
Кийинки берене: [3-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111229/st-3-1)
