3-1-берене. Маалымат-телекоммуникациялык тармактар аркылуу маалымат таратууга жана балдар үчүн тыюу салынган маалымат продукциясын жүгүртүүгө карата кошумча талаптар
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы
1. Балдардын маалымат-телекоммуникациялык тармактар (анын ичинде Интернет тармагы) аркылуу таратылуучу маалыматка жетүүсү аталган байланыш операторлору тарабынан алардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтан балдарды коргоонун техникалык, программалык-аппараттык каражаттарын колдонуу шарты менен байланыш операторлору тарабынан берилет.
2. Гезиттин биринчи жана акыркы тилкеси, басылма продукциясынын, балдар үчүн тыюу салынган башка полиграфиялык продукциянын нускасынын мукабасы балдар үчүн жеткиликтүү болгон жерлерде адамдардын белгисиз бир чөйрөсүнө таратууда балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты камтыбоого тийиш.
3. Балдар үчүн тыюу салынган басылма продукциясы түрүндөгү маалымат продукциясын балдарга жеткиликтүү жерлерде оролгон таңгактарда гана таратууга жол берилет.
4. Балдар үчүн тыюу салынган маалымат продукциясын балдарга арналган билим берүү уюмдарында, балдардын медициналык, санаторийлик-курорттук, дене-тарбиялык-спорттук уюмдарда, маданият уюмдарында, балдардын эс алуу жана ден соолугун чыңдоо уюмдарында же аталган уюмдардын аймактарынын чектеринен эки жүз метрден алыс эмес аралыкта таратууга жол берилбейт.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111229/st-3-1" title="3-1-берене - Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>